«Манас Менеджмент Компанинин» башкы директорлук кызматына 37 жаштагы Мирлан Кубаталиев дайындалды
Мирлан Кубаталиев «Манас Эл аралык аэропорту» ААКтын туунду компаниясы – «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын башкы директору кызматына шайланды.
Кыргыз фондулук биржасы 8-июлда «МЭА» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өткөнүн билдирди. Анда кабыл алынган чечимге ылайык, «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын башкы директорлук кызматына Мирлан Кубаталиев дайындалган.
Кубаталиев мурда “КТ-Мобайл” ЖЧКда директорлук кызматты, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын ички коопсуздук башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.
Эскерте кетсек, «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын мурдагы директору Манас Самидинов «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп шайланган болчу.