Улуттук банк бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту
Улуттук банк бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, аларга банктык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн регулятор бардык күч-аракетин жумшап жатканын билдирди. Бул тууралуу жөнгө салуучунун маалымат кызматы билдирди.
Улуттук банк 12-июлда коммерциялык банктардын, «Кыргызстан Банктарынын Союзу» юридикалык жактар бирикмесинин жана Бизнес-ассоциация JIA юридикалык жактар бирикмесинин, «Легпром» Кыргызстан жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын жана «Бишкек» ЭЭАнын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
“Жолугушуу Улуттук банк тарабынан бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана коммерциялык банктар менен банктык тейлөөгө, төлөмдөрдү жүргүзүүгө, нак чет өлкө валютасы менен камсыздоого, банктык комиссиялык төлөмдөргө жана банктардын тарифтерине байланыштуу актуалдуу маселелерди түздөн-түз талкуулоо үчүн уюштурулду”, – дейт УБ.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бизнести колдоого алуу, банктык тейлөөнү жакшыртуунун жана төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуунун алкагында банктар тарабынан сунушталып жаткан банктык продукттарды колдонуу жагында көрүлүшү мүмкүн болгон чаралар тууралуу пикир алмашышкан.
«Жаңы мүмкүнчүлүктөр – банк системасы үчүн да, бизнес үчүн да, өзгөчө тышкы экономикалык ишкердик менен алектенгендер үчүн да келечектүү чечим. Учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу үчүн биргелешип күч жумшоо зарыл.
Улуттук банк, өз кезегинде, биргелешип иш алып барууга даяр жана банк, төлөм системаларынын, төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүн жана талаптагыдай банктык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо», – деген Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов.



