2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканы «кыймылдаткан» өндүрүш тармагы болду
Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өттү.
Жыйында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров сүйлөп, ал 2022-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Анын берген маалыматына таянсак, алдын ала эсептөөлөр боюнча 2022-жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 335.3 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 106.3 %ды (2021-жылдын январь-июнь айларында – 98.5 % болгон) түзгөн.
Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр:
- Айыл чарба – айыл чарбасынын дүң продукциясы 92.7 млрд сомго өндүрүлүп, реалдуу түрдө 2%га өскөн
- Өнөр жай – 190.8 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн көлөмү 14.1%га өскөн
- Курулуш – инвестициялардын көлөмү 41.3 млрд сомду түзүп, 0.9 %га өскөн
- Кызмат көрсөтүү чөйрөсү – дүң сооданын – 20.1 %га жана чекене сооданын – 3.6 %га өсүшү менен камсыз кылган.