Америкалык DevX окуу жайы кыргызстандык жети ЖОЖ менен IT адистерин даярдоо боюнча келишим түздү

Америкалык DevX окуу жайы кыргызстандык жети ЖОЖ менен IT адистерин даярдоо боюнча келишим түздү


Америкалык DevX окуу жайы кыргызстандык жети жогорку окуу жайлары (ЖОЖ) менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT тармагындагы адистерди даярдашат. Бул тууралуу КРнын АКШдагы элчилиги билдирди.

“12-июлда Бишкекте IT тармагында адистерди даярдаган америкалык DevX аттуу окуу жайы менен КРнын сегиз ЖОЖдорунун ортосунда дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT адистерин биргелешип даярдоо боюнча келишим түзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Мындай иш-чарага КРнын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев, Илим жана билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин милдетин аткаруучу Соната Коултер, КРнын сегиз мамлекеттик университетинин ректорлору жана америкалык DevX мектебинин негиздөөчүлөрү катышышкан.

Окутуу англис тилинде өткөрүлөт жана окуу мөөнөтү сегиз айга созулат. Окутуу онлайн түрүндө өткөрүлүп, дүйнөлүк ири компанияларда иштеген тажрыйбалуу адистер лекция окушат. Бүтүрүүчүлөрдүн 99%ы жогорку маянадагы жумуш табууга жетишкендигин өзгөчө баса белгилөөгө болот.

Окутуу системасы жана окутуу толугу менен америкалык DevX компаниясы тарабынан уюштурулат. Ал эми кыргызстандык окуу жайлар болсо студенттерге алардын окуусу үчүн толук шарттарды түзүү жана зарыл болгон окуу жабдууларын даярдап беришет.

Аталган программага Кыргызстандан КГТУ, ОшГУ, ИГУ, ЖАГУ, НГУ, ТалГУ, БатГУ окуу жайлары катышышат.

Америкалык DevX окуу жайы соңку бир нече жылдан бери АКШнын аймагында IT тармагындагы эң зарыл болгон онго жакын кесип ээлерин ийгиликтүү даярдап келет.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта