Бишкектен Москвага автобустар каттайт — жол кире 7.5 миң сом
15-июндан тарта Бишкек – Москва – Бишкек багыты боюнча автобус каттамдары жанданды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектен Москвага автобустар ар жуманын шаршемби күндөрү каттайт. Кетүү убактысы 10:00. Билеттин баасы – 7.5 миң сомду түзөт.
Москвадан Бишкекке кайра каттам да ар жекшемби күнү болот. Кетүү убактысы 10:00. Билеттин баасы – 7.5 миң рубль.