Дүйнөлүк финансы институттарынын пессимисттик божомолдоруна карабай экономика 6.3%га өстү - Акылбек Жапаров
Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.
Анда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров сүйлөп, ал 2022-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 6.3%ды түзгөнүн айтты. Ошондой эле дүйнөлүк финансы институттары пессимисттик божомолдорду берип келгенине карабастан, жыйынтык жакшы болгонун белгиледи.
“Дүйнөлүк банк КРнын ИДПсы минус 5%га чейин кыскарат десе, Moody’s деген агенттик экономика минус 1%га чейин түшөт деген, ал эми Эл аралык валюталык фонд болсо 0.9%га чейин араң өсөсүңөр деген. Еразия өнүктүрүү банкы да 1%дан ашпайсыңар деген божомолун айтты эле. Бирок андай болгон жок”, – деди ал.
Ошондой эле Жапаров аткаруу бийлигинин жакшы иштегенин, экономиканын өсүшүнө Жогорку Кеңештин да эмгеги бар экенин, анткени алар минкаб берген мыйзамдарды кабыл алып берип турганын кошумчалады.