Эми донорлор берген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалбайт
Тышкы карыз боюнча саясатты өзгөртүп жатабыз, мурда тыштан келген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу болсо, эми мындан ары андай болбойт. Мындай билдирүүсүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-июлда өтүп жаткан минкабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мурда чет өлкөлүк донорлор берген каражат энергетика менен жол тармагына салынып жүргөн.
“Мурда бюджетти колдоого келген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу болсо, эми болсо аны саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, жаңы технологияларга гана алабыз”, – деди Жапаров.
Ошондой эле ал мамлекеттик карызды тейлөөгө 2022-жылдын январь-июнь айларына республикалык бюджетте 16.5 млрд сом өлчөмүндөгү каражаттар каралганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 540.3 м.н сомго көп экенин, анын ичинде – тышкы карызды тейлөөгө – 10.9 млрд сом, ал эми ички карызды тейлөөгө – 5.5 млрд сом каралганын кошумчалады.
Финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg басылмасына берген маегинде, КРнын ушул жылдын 30-апрелине карата мамлекеттик карызы — 5 млрд 92 млн долларга жеткенин, анын ичинде тышкы карыз – 4 млррд 191 млн доллар, ички карыз – 901 млн доллар экенин билдирген болчу.