Жүздөн ашык тоо-кен тармагындагы лицензия мамлекетке тапшырылды - анын 65 алтын кендерге берилген
Бүгүнкү күндө жүздөн ашык тоо-кен тармагындагы лицензия мамлекетке тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров экономиканын бүт тармагында өсүү болгонун, ага тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелер себеп болгонун, кирешенин 70%дан көбү “Кумтөрдөн” түшкөнүн, андан тышкары, “Жерүй”, “Чаарат”, “Эти-Бакыр Терексай” кендери да туруктуу киреше алып келип жатканын белгиледи.
“Мындан тышкары, лицензияларды тартипке келтире баштадык. Аны бекер кармап отургандар лицензиясын тапшыра башташты. Бүгүнкү күндө жүздөн ашык лицензия мамлекетке тапшырылды, анын ичинен 65 лицензия алтын кендери үчүн берилген болчу.
Лицензияны кармоо боюнча төлөмдүн суммасын көбөйттүк эле, жарым жылда 87%ы төлөндү. Жергиликтүү бюджеттерге 213 млн сомдон ашык каражат түштү”, – деди минкабдын жетекчиси.
Эскерте кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.