Жакында сейрек металлдарды иштетүүчү «Кутессай-II» ишке кирет
Жакында сейрек металлдарды иштетүүчү “Кутессай-II” ишканасы ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги тоо кендерин казып алуу тармагында 32 долбоорду ишке киргизет.
“Атап кетсек, жакынкы арада “Кутессай-II” сейрек металл иштетүүчү ишкананы ишке киргизет, “Талды-Булак”, “Андаш” кендериндеги изилдөөнү аягына чыгарат. Кендерди иштетүүнү толук өзүбүзгө алдык”, – деди Жапаров.
Эскерте кетсек, мурда Economist.kg кабарлагандай, 4-июлда япониялык Advanced Material Japan Corporation компаниясынын атайын кеңешчиси Шигео Накамура «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен жолугуп, сейрек жер элементтер кенин иштетүү долбооруна кызыкдарлыгын билдирген.
Бирок жыйында Жапаров “Кутессай-II” кайсы инвесторлор менен биргеликте ишке киргизилери тууралуу кабарлаган жок, жөн гана “кен иштеүүнү өзүбүзгө алдык” деген маалымат менен гана бөлүштү.
Белгилей кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.