Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамдарынын саны көбөйдү - жумасына 4 жолу
«МЭА» ААК Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттамдардын жыштыгы көбөйтүлгөнүн кабарлады.
«Алматы – Тамчы – Алматы» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды.
SCAT авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган авиакомпания Алматыдан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттамдарды дүйшөмбү жана жума күндөрү гана аткарып келген.