Чоң-Кемин кичи ГЭСинин долбоорун баштоо боюнча келишимге кол коюлду – ал 2025-жылы ишке кирет
Кечээ, 14-июлда “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги Чоң-Кемин дарыясындагы Чоң-Кемин ГЭС-1 гидроэлектрстанциясын долбоорлоо боюнча келишимге койду. Бул тууралуу холдингдин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорду россиялык «ИГХолдинг Рус» АК, Кыргызстандын «Инкрафт» ЖАК жана канадалык i-Energy Power Expert Consulting Inc. компанияларынын консорциуму ишке ашырмакчы.
«Инкрафт» ЖАКтын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Чоң-Кемин дарыясынын суу-энергетикалык потенциалын изилдөөнүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча ГЭСти жайгаштыруу үчүн эң натыйжалуу бир нече участоктор тандалган. Холдин Чоң-Кемин ГЭС-1 гидроэлектрстанциянын каскадынын биринчи бөлүгү болуп каларын кошумчалады.
ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын экинчи кварталына пландаштырылган. Станциянын жалпы кубаттуулугу 14-16 МВт болушу күтүлүүдө.





