Күчөгөн туристтик мезгилде Арсланбобго баруучу жолду оңдоо башталды
Жыл сайын 100 миң турист келген Арсланбобго баруучу жол быйыл оңдолот. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Быйылкы жылы Арсланбоб – Базар-Коргон жолунун 50 чакырымынын 5 чакырымы оңдолот. Бул үчүн Транспорт министрлиги 36 млн сом бөлгөн.
«Учурда аймактын борборунан Гумкана айыл аймагына чейин иштер жүрүп жатат, жолду «Абий Нур» ЖЧКсы жасап жатат. Куруучулар эски асфальтты алып, тегиздөө иштерин жүргүзүшүүдө. 5 чакырым жолдун курулушу эки айга созулушу мүмкүн», – деген министрлик бул жолду №50 жол тейлөө мекемеси тейлей тургандыгын билдирди.
Арсланбоб — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы туристтик жай. Бишкек шаарынан 690 км алыстыкта. Айылдын курамына Арсланбоб, Гумкана, Белтерек, Жай-Терек, Жарадар деген айылдар кирет. Бул аймакта жай мезгилинде аба ырайы салкын болгондуктан дал ушул жаз-жай мезгили туристтер көп барат.