Кыргызстан беш айда 41 кг алтын экспорттоду - өткөн жылы бул мезгилде 4.1 тонна сатылган
Кыргызстан 5 айда 41 кг алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.
2022-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстандан 41.4 кг алтын экспорттолгон. Ошондой эле алтындын баары Түркия мамлекетине сатылып, анын жалпы көлөмүнүн наркы 390 миң доллардан бир аз жогору бааланган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде 4 тонна 135.7 кг алтын сатылган жана ал 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага аз болгон.
Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) өткөн жылы 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКты ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган эле. Алтындын экспортунун төмөндөшү да ушул маселеге байланыштуу болгон. Бирок ушул жылдын 4-майында «Кыргызалтын» LBMA Кыргызстандын статусун кайрадан калыбына келтиргенин билдирген.