Кыргызстан жыл башынан бери 3 миңден ашуун жаранын Корея менен Улуу Британияга «кара жумушка» жөнөттү
Жыл башынан бери Түштүк Кореяга жана Улуу Британияга 3 миңден ашуун жаран иштегени кетти. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Министрдин айтымында, Кыргызстанда чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу боюнча 117 агенттик бар жана жыл башынан бери 3000ден ашуун кыргызстандык кеткен.
«Эгерде 2021-жылы Кореяда 750 квота болсо, 2022-жылдын башынан бери ал 1800гө чейин көбөйдү. Учурда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен биргеликте Япония жана Финляндияда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу иштери жүрүп жатат», – деди ал.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы КРнын жарандарынын Улуу Британия өлкөсүндө айыл чарба багытындагы мезгилдик жумуштарга иштеп келүүсү үчүн 1 миң квота бөлүнгөн. Ошондой эле Түштүк Корея да кыргызстандыктарды айыл-чарба, өнөр-жай тармактарында ишке орноштуруу үчүн 5 миң квота бөлгөн болчу.
Кошумча окуңуз: Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды