Сеулда кыргызстандык товарлар коюлган соода үйү ачылды
Кыргызстандан барган делегация ата мекендик продукция саткан Сеулдагы соода үйүндө болушканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов башында турган делегация кечээ, 14-июлда, Сеул шаарында жайгашкан КРнын Соода үйүндө болушкан.
24-июнда ачылышы болгон Соода үйү кореялык ишкерлерге жана жергиликтүү калкка ата мекендик өндүрүш товарларын изилдеп, сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Бул жерде Кыргызстандан келген кийизден жасалган буюмдар, табигый бал, варенье жана ар кандай органикалык продукциялар көргөзмөгө коюлган.
Соода үйү КРнын Кореядагы элчилигинин демилгеси менен эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү максатында түзүлгөн.


