«Узбекистон хаво йуллари» Ташкенттен Бишкекке 4 аба каттамын ачты
«МЭА» ААК Ташкенттен Бишкек шаарына каттамдардын жыштыгы көбөйтүлгөнүн билдирди.
2022-жылдын июль айында «Ташкент – Бишкек – Ташкент» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды.
«Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарып жатат.
Эске салсак, бул убакытка чейин Ташкент шаарынан Бишкекке авиакаттамдар жумасына 2 жолу гана аткарылып келген.
Ошондой эле Бишкектен Санкт-Петербург шаарына да авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү.
«Манас» эл аралык аэропортунан Санкт-Петербург шаарына кошумча каттамдарды «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат.
Ал эми «Бишкек – Санкт-Петербург – Бишкек» багыты боюнча авиакаттамдарды «АвиаТраффикКомпани» компаниясы да жумасына эки жолу (ишемби жана бейшемби) аткарып келет.