Жаңы салына турган «Ак үйдүн» долбоорун иштеп чыгууга сынак жарыяланды - биринчи үч байгеге 1 млн сомдон берилет

Жаңы салына турган «Ак үйдүн» долбоорун иштеп чыгууга сынак жарыяланды - биринчи үч байгеге 1 млн сомдон берилет

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси Чыңгыз Айтматов проспектисинде салына турчу административдик комплексти куруу үчүн долбоордун концепциясын иштеп чыгууга ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, сынак 14-октябрга чейин болот. Ага архитектуралык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүүчү күбөлүгү бар архитекторлор катыша алат.

Мыкты деп табылган үч долбоорго 1 млн сомдон байге каралган. Ошондой эле беш долбоорго 360 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Сынак демөөрчүлөрдүн каражатына президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги алдында өтөт.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкекте мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулганы жаткан президенттик администрациянын имаратынын пайдубалына капсула салган. Кийинчерээк жаңы Ак үйдү кыргызстандык компания курарын, анын ордуна шаардан 16 гектар жер берилип жатканын жарыялаган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта