Баткен облусунда быйыл 80 тоннага аз эт өндүрүлдү - мал кармагандар азайды
2022-жылдын январь-июнь айында Баткен облусунан башка республиканын бардык аймактарында эт көп өндүрүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Баткен облусунда эт өндүрүү 11 миң 966 тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80 тоннага азайып, 99.3%ды түзгөн. Облуста эт өндүрүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби – кой/эчкинин саны – 14 миң 262 башка, анын ичинде эчкинин саны – 12 миң 653 башка жана жылкылардын саны 783 башка азайышы менен байланыштуу болгон.
2022-жылдын жарым жылдык отчеттук мезгилинде республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 190.2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлүп, 4 миң 894 тонна, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.6%га көбүрөөк болгон.