Финансы министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө каралган акчанын жарымын берди

Финансы министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө каралган акчанын жарымын берди

2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 4 млрд 495 млн сом каралып, 2022-жылдын 30-июнуна карата 2 млрд 300.5 млн сом бөлүнгөн (49.2%). Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Эң көп каржы талап кылган «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук энергиясын субсидиялоого 1.41 млрд сом (93.6 млн сомго 2021-жылга салыштырмалуу көп) каралып, 860 млн сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу, бул чыгашалар “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн 160 млн сом кошумча бөлүү каралууда.

2021-жылы “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы менен кредитордук карызды жөнгө салуу үчүн бөлүнгөн 200 млн сом бюджеттик кредиттин мөөнөтү кайра каралат.

Ошондой эле:

  • Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына төлөө үчүн 50%дык жөлөкпулдун компенсациясына 150 млн сом каралып, анын ичинен 95.5 млн сом бөлүнгөн
  • Республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын коммуналдык чарбага байланыштуу чыгашаларына 2. 96 млрд сом каралган. Иш жүзүндө керектөө 30.06.2022-ж. электр/жылуулук ресурстары үчүн 1 343.7 млн сомду түзүп, анын ичинен электр энергиясы үчүн 1 079.4 млн сом, жылуулук энергиясы үчүн 242.5 млн сом, жаратылыш газы үчүн 21.8 млн сом төлөнгөн
  • Республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270.7 млн сом каралып, анын ичинен 11 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта