Курулуш компанияларына объект бүтүп, ишке берилгенге чейин кардарларынан акча алууга тыюу салууну көздөшүүдө
Курулуш компанияларына объект бүтүп, ишке берилгенге чейин сатып алуучулардан батирлер үчүн акча алууга тыюу салынат. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Мамкурулушка Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңеште берген.
Жапаровдун айтымында, объекттин курулушу расмий аяктаганга чейин курулуш компаниясынын кардарларынын акчасы банкта сакталышы керек.
Объект расмий ишке берилгенге чейин ишканалар жарандардан акча албашы керек. Банктан депозит ачып, акчанын баарын ошол жерде сактоо керек. Ал эми батирдин ачкычын алгандан кийин гана банк кардардын төлөмүн курулуш компаниясына которот.
Ошондой эле курулуп жаткан бардык объектилерди текшерүү зарыл. Эмне үчүн алар бүтпөй жатат? Бардык акчаны ким алды? Биз такташыбыз керек», – деди министрлер кабинетинин башчысы.