Кыргызстанда эркектер аялдарга салыштырмалуу 42%га көп жумуш менен камсыз болгон - эркектер 1.6 млн
Улутстатком 2021-жылга карата өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.
2021-жылдагы изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушка жарамдуу калктын саны 2.7 миллионго жакын адамды түзгөн, алардын ичинен 2.5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуз жүргөндөр болгон.
Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны 1.6 млн адамга жетип, ал иштеген аялдардын санынан (965 миң) ашкан.
2021–жылы калктын иш менен камсыздуулук деңгээли 57%ды түзүп, бул 2020-жылга салыштырмалуу 0.5%га гана көп болгон.
Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (72.5%) аялдарга караганда (42.4%га) жогору. Жумушсуздуктун деңгээли 5.3%ды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 0.5%дык пунктка төмөндөгөн.