Памирлик кыргыздарга үй салып берүүгө 77 млн сом бөлүнөт - 400 үй-бүлө келет
Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздарга үй салып берүүгө казынадан 77 млн 220 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу Эмгек социалдык министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Ош облусунун Кашка-Суу айылынан 70 гектар аянтка 30 турак жай курулмакчы.
Базарбаев эки жылда (2022-2024-жылдары) Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймагынан Кыргызстанга 1.5 миң этникалык кыргыздарды (400 үй-бүлө) көчүрүп келүү пландалып жатканын жана бул иш-чарага 245 млн сом жумшала тургандыгын билдирди.