Россиялык компания кыргызстандыктарды соцкамсыздандыруу менен ишке алууга даяр экенин билдирди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россиянын “Прайдекс” курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Москва жана Санкт-Петербург шаарларында жайгашкан компаниянын өкүлдөрү КРнын жарандарын РФда ишке орноштуруу үчүн кабыл алууга даяр экендигин билдиришкен. Ошол эле учурда татыктуу эмгек акы, социалдык пакет, юридикалык коргоо, турак жай жана тамак-аш менен камсыздоого кепилдик беришкен.
“КР Россия менен системалуу иштөөгө кызыкдар, биз эмгек миграциясы багытында кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгууга ниеттенүүдөбүз. Бүгүнкү талап жаңы шарттарды белгилейт. Россиялык компаниялар бул шарттарды эске алып, биздин жарандарды жогорку кепилдиктер менен камсыз кылышат, өз кезегинде биз Россияга иштөө үчүн жарандарды тандоону уюштурууга даярбыз”, – деди министр.
Россиялык делегациянын жетекчиси Руслан Феткрахманов кызматкерлерди сапаттуу жалдоо, аларды эмгек министрлигине караштуу көндүмдөрдү өнүктүрүү фондун тартуу менен окутуу жана Россияда андан ары ишке орноштуруу максатында КРда өкүлчүлүгүн ачууга кызыкдар экендигин билдирген.