Санариптик өнүктүрүү министрлиги Илон Маск менен кызматташууну көздөөдө
Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурс үчүн SpaceX менен кызматташуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу министр Талантбек Иманов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкө бардык операторлор менен байланыштын сапатын көзөмөлдөөнү пландаштырууда.
Space Exploration Technologies Corporation (SpaceX) — космостук технологияларды чыгарган америкалык компания. SpaceX 2002-жылы Марсты колониялоо үчүн ракета жасоону көздөгөн Илон Маск тарабынан негизделген.