Улуттук банк 40 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу алып салды
Акыркы убактагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жөнгө салуучу банк 40 факты боюнча акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотуп, жалпысынан 1 млн сомдон ашык айып пул салганын Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Ал белгилегендей, учурда валюталык спекуляцияга жол бербөө үчүн банктарга жана акча алмаштыруу жайларына мониторинг жана көзөмөл күчөтүлүүдө.
«Улуттук банк кырдаалга дайыма көз салып турат жана зарыл болгон учурда финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрөт. Көрүлгөн чаралар тууралуу бардык маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган», – деди Карабаева.