USAID Баткендин мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөрүнө жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди

USAID Баткендин мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөрүнө жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди

USAID Баткен мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу баада экспорттоого көмөктөшөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы шок тоңдургуч жабдууларын
берди.

Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө жана заматта тоңдуруу технологиясы малинаны узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берип, малинаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону көбөйтөт. 

“Өндүрүш кубаттуулугу кеңейген «Грин Экспорт КейДжи» ишканасы Кадамжайда үй шартында малина өстүргөн 500дөн ашуун кожолук үчүн туруктуу кардарына айланды. Компания облуста өз
ишин баштагандан бери 1 килограмм малинанын баасы орто эсеп менен 50 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлүп, майда фермерлердин кирешесин бир топ жогорулатты.

4 млн сомдон ашык суммага мөмө-жемиштерди тоңдургуч жабдуулары USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында берилген. Бул шок-тоңдуруу технологиясы клетканын түзүлүшүн, бардык
пайдалуу микроэлементтерди жана 85-90% витаминдерди сактап калууга мүмкүндүк берет.

«Малинаны өстүрүү жана сатуу боюнча сегиз жылдык, ал эми тоңдурулган азыктарды коңшу өлкөлөргө экспорттоо боюнча эки жылдык тажрыйбабыз бар. Азыр биз USAIDдин колдоосу
менен өз ишмердүүлүгүбүздү кеңейтип, жергиликтүү фермерлер менен малинаны туура өстүрүү жана жыйноо боюнча түшүндүрүү иштерин улантууну көздөп жатабыз, бул сапаттын жана
өндүрүштүн жакшырышына алып келет», – дейт мекеменин жетекчиси Акторо Саттаров.


USAIDдин «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта