Ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук көрсөткүчкө жетти - Токтогулда суунун чыгымы көбөйдү
Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталганын “Улуттук энергохолдинг” билдирди.
Аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу жайкы мезгилдеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды. Үстүбүздөгү жылдын 19-июлуна карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 34 млн кВт-саатты түзгөн. Ал эми өткөн жылы 29 млн кВт-саат, 2020-жылы 28 млн кВт-саат болгон.
Электр энергиясын колдонуунун өсүшү менен катар эле Токтогул суу сактагычындагы суунун чыгымы көбөйүп, практикалык түрдө куймасы менен теңелип калган. Азыркы учурда суунун деңгээли 12.7 млрд куб метрди түзсө, куймасы 538 куб метрди, ал эми чыгымы 458 куб метрди түзүүдө.
- Бул кырдаалдарга байланыштуу “Улуттук энергохолдинг” ишканасы энергетика түзүмүнүн үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.