Жаңы жылга чейин эң чоң «Дордой-Балыкчы» эт комбинаты ишке кирет

Жаңы жылга чейин эң чоң «Дордой-Балыкчы» эт комбинаты ишке кирет

“Дордой-Балыкчы” эт комбинатынын курулуш долбоору аяктоо стадиясында турат жана 2022-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу маалыматты КРдагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) компаниясы ишкананын уюмга мүчө болгонун кабарлап жатып билдирди.

Белгилей кетсек, “Дордой-Балыкчы” КРдагы эң ири эт комбинаты болот деп, аны алгач 2020-жылдын декабрында ишке киргизүү пландалган эле.

Долбоорго ылайык, эт комбинатында 100 баш ири мүйүздүү малды жана 1000 баш майда малды бир сменде кайра иштетүүгө мүмкүндүк берүүчү италиялык ROVANI TECHNOLOGY S.R.L. компаниясынын жабдуулары орнотулуп, анда эт азыктарынын ар кандай түрлөрү өндүрүлмөкчү.

Келечекте ишкана мал чарбаларды ачууну, тоют, эт консерваларын жана деликатестерди (чучук, ачытылган жана фарш) чыгарууну көздөп жатат.

“Дордой-Балыкчы” Кыргызстанда эт кластерин жандандыруунун жана өнүктүрүүнүн негизги звеносу болуп, фермерлерге асыл тукум малды сатууда кепилдик берүү, этти жогорку технологиялык кайра иштетүүнү ишке киргизүү аркылуу өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө түрткү берүү жана жогорку сапаттагы эт азыктарын экспорттоону көздөйт», – деп белгиледи AmCham.

Economist.kg мурда билдиргендей, эт комбинатына 8 млн долларга жакын инвестиция тартылып, 2019-жылы ишкана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (ОКӨФ) ири өлчөмдө насыя алганы айтылган. Кредит 100 баш ири мүйүздүү мал жана 1000 баш майда малдын этин кайра иштетүүгө жөндөмдүү европалык өндүрүштөгү жабдууларды сатып алууга жумшалышы керек болчу.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта