Бишкек - Балыкчы поезд каттамына люкс вагондор кошулду - панорамалык терезелер, кондиционер, телевизор
22-июлдан тарта модернизацияланган люкс вагон Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” МИнин кызматкери Дайырбек Орунбеков билдирди.
“Республикалык ички каттамдагы Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөр поездине 51 орундуу люкс вагон кошулат, ал Бишкектен жөнөтүлөт. Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар”, – дейт ал.
Бул поезддин каттамы боюнча жүргүнчүнүн отурган жана түшкөн бекетине карабастан жол жүрүү акысы төмөнкүчө:
- 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жолдо жүрүү акысы – 250 сом
- 10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү акысы – 500 сом
- Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт
- Мындан тышкары 36 кг чейин кол жүгү – акысыз.
Люкс вагон кошулган Бишкек – Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт.
Белгилей кетсек, 18-июлдан тарта Бишкек – Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуу каттамы күнүгө аткарылып жатат.
Маалымат үчүн телефондор: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40





