Кыргызстанда Stat.salyk.kg ачык маалымат порталы ишке кирди

Кыргызстанда Stat.salyk.kg ачык маалымат порталы ишке кирди

Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу боюнча Stat.salyk.kg ачык статистикалык маалымат порталын ишке киргизди.

МСКдан маалымдашкандай, Stat.salyk.kg жарандарга салыктык башкаруудагы актуалдуу маалыматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет, анда учурдагы мезгил үчүн маалыматтар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарыяланган.

“Бул коомчулукка Салык кызматынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берет”, – дейт Салык кызматы.

Stat.salyk.kg порталы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Салык кызматы канча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн алды, анын ичинде киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, КНСти (ички жана ЕАЭБ импортуна) чогулткандыгы тууралуу маалыматтар
  • Иштеп жаткан юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ири салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат да ачык жана жеткиликтүү
  • Өлкөдө канча ККМ орнотулгандыгын билүүгө болот.

Мекемеден билдиришкендей, порталдагы маалымат ар ай сайын жаңыланып турат. Ошондой эле Салык кызматы кардарларга багыт алууга, маалыматтык ачыктыкка жана тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн модернизациялоого карата багыт алганын белгилейт.

МСК ачыктык принцибин ишке ашыруу менен салык төлөөчүлөргө жеке маалыматтардын сакталышына кепилдик берерин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта