«Манас» эл аралык аэропорту» жарым жылда 2.2 млн жүргүнчүнү тейледи
«МЭА» ААК 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 200 миңден ашуун жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу башкы аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2022-жылдын 6 ай аралыгында 2 млн 220 миң 990 жүргүнчүнү тейледи. Бул көрсөткүч 2021-жылдын биринчи бөлүгүнө салыштырмалуу 42.3%га көп.
1 млн 509 миң 239 киши эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, 711 миң 751-и ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзгөн.
Жарым жыл ичинде 19 миң 22 каттам ишке ашырылган – бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 37.4%га көп. Авиакаттамдардын 13 миң 89 – эл аралык, ал эми 5 миң 933 – ички каттамдар болгон.