МИК: Алты жылда 7 миң үй-бүлө турак-жайлуу болду

МИК: Алты жылда 7 миң үй-бүлө турак-жайлуу болду

Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга(МИК) 7 жыл болду. «МИК» АКК 2015-жылы июлда Өкмөттүн буйругу менен негизделген. Биринчи ипотекалык насыялар 2016-жылдын март айынан берилип баштаган.

МИКтин берген маалыматына таянсак, андан бери 7 100 үй-бүлө турак-жайлуу болушкан жана бул үчүн компания 10 млрд сомдон ашык акча каражат жумшаган.

  • 2016-жылы ишке кирген биринчи турак-жай программасынын алкагында 5 200 жаран үйлүү болгон.
  • Ал эми 2021-жылы ишке кирген «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында 9 айда 4.5 млрд сомго 1 700дөн ашуун үй-бүлө турак-жайлуу болушкан.

МИК ай сайын компаниянын ишмердүүлүгүнүн артында 190-200 үй-бүлө турак жайлуу болуп жатканын билдирди.

“Натыйжада, бюджеттик тармактарда иштеген кызматкерлер эле эмес, баардык жарандарга ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. МИК Кыргызстандын бардык аймактарында Мамлекеттик курулуш агенттиги жана курулуш компаниялардын катышуусунда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун баштайт. Бул өнөктүк өлкөдөгү турак-жайга болгон суроо талаптын акырындап этап этабы менен камсыздап, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат”, – дейт мекеме.

Компания 2 жыл мурда Кыргызстанда онлайн форматта иш алып барууга өтүп, заявкаларды электрондук түрдө гана кабыл ала баштаган. МИК жалпы Кыргызстан боюнча ипотекалык насыяларды партнер-банктардын жардамы менен берип келет.

Ошондой эле маалыматта МИК Кыргызстандыктарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу үчүн учурда чоң долбоолордун үстүндө иштеп жатканы айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды

АКШда коллекциялык Pokémon картасы рекорддук 16,492 млн долларга сатылды. Бул сейрек Пикачу Illustrator картасы 1998-жылы Pokémon сүрөт конкурсу үчүн жасалган 39 экземплярдын бири. Бул аукциондо сатылган эң кымбат коллекциялык карта болуп калды. Беш жыл мурун америкалык рестлер жана YouTube блогери Логан Пол аны 5,275 млн долларга сатып алып,

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

Кыргызстанда 4 жылда 173 млрд 596 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү

2021–2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 173 млрд 596,1 млн сом өлчөмүндө инвестиция өздөштүрүлгөнүн Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдады. Министрлик транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектордогу стратегиялык долбоорлор боюнча маалымат берди. Транспорт — 47 771,4 млн сом Шаардык транспорт жаңыланып, 124 кысылган жаратылыш газы (КПГ) менен жүргөн автобус

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде ЖРТдан жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өткөнүн Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды. Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

Тамчылатып сугаруу менен 2 гектардан 28 тонна карагат алган чемпион

“Агродиалог-2025” форумунун чемпиону Руслан Миңбаев “Агродиалог-2026” форумун утурлай, карагат өстүрүүдөгү тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди. Бул багбанчылык долбоору 2012-жылы башталган. Ал эми карагат багын негиздөө иштери 2016-жылы жүзөгө ашырылган. Ал убакта аймакта карагатты ири көлөмдө өстүргөн, заманбап техникаларды колдонгон дыйкандар дээрлик жок болчу. Биз алгачкылардан болуп бул багытта