Соодага тоскоолдук - Садыр Жапаров кесиптештерин чек араларда жүк өткөрүүнү негизсиз кечеңдеткенди токтотууга чакырды
Темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбор Азияда Жибек Жолунан кем эмес соода жолдорунун кесилишин түзө алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда президент Садыр Жапаров билдирди, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.
Жапаров белгилегендей, дүйнөлүк экономиканын «салмак борбору» Азияга карай жылып, экономикалык өсүш жана дүң продукциянын өсүш динамикасы байкалууда. 2021-жылы ИДПнын жалпы үлүшү 300 млрд доллардан ашкан. Президенттин айтымында, өсүштүн драйвери болуп эркин соода жана инвестиция, транспорттук жана транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү саналат.
«Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында түзүлгөн чек ара соода борборлору, ошондой эле кыргыз-казак чек арасына жакын өнөр жай соода-логистикалык борбору өлкөлөр арасындагы сооданы жандандырат», – деди Жапаров.
Ал ошондой эле эркин соодага тоскоол болгон тарифтик жана тарифтик эмес барьерлерди, анын ичинде чек аралардагы товарларды негизсиз кечеңдетүүлөрдү толугу менен жоюунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Андан кийин ал санариптештирүү инструменттери бул топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.
Мындан тышкары Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн, аны ийгиликтүү ишке ашыруу Борбордук Азиянын эл аралык соода, инвестициялык жана транзиттик потенциалын олуттуу түрдө жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.