Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

Финансы министрлиги 5 жылдык системалуу өнүгүүнүн натыйжаларын жарыялады

2021–2025-жылдар КРда инфратүзүмдү жана экономиканы системалуу чыңдоо мезгили болду: жалпы 173 596,1 млн сом өздөштүрүлүп, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо жана агрардык сектор боюнча стратегиялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды. Мындай билдирүүнү КРнын Финансы министрлигинен маалымдап, бул инвестициялар туруктуу өсүш үчүн бекем негиз түзүп, өлкөнүн бардык аймактарында жарандардын жашоо сапатын жогорулатып жатканын белгилешти.

Ага ылайык, Транспорт тармагы 5 жылда — 47 771,4 млн сом жумшап, шаардык автопаркты жаңыртып: 124 автобус жана 120 электробус алып, 85 кубаттоо станциясын орноткон. Ири жол долбоорлору аяктап: альтернативдүү Түндүк–Түштүк жолу, Бишкек–Ош жолунун бир катар тилкелери, ошондой эле Түп–Кеген эл аралык жолу ишке берилген.

Энергетика тармагы 5 жылда — 38 402,3 млн сомго «Датка» подстанциясынан 500 кВ чыңалуудагы 329,63 чакырым аба электр линиясы курулган. 500,1 миң даана «акылдуу» эсептегич орнотулган. Ошэлектро, Ысык-Көл жана Нарын электр тармактар ишканасы үчүн жалпы 719,5 чакырым электр линиялары тартылып, 117 352 даана эсептөө прибору орнотулган.

Суу менен камсыздоо тармагы 5 жылда — 23 165,7 млн сомго 796 айыл коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду. 76 айылда иштер толугу менен аяктап, 174 миң адам таза суу менен камсыз болду. 258 айылда курулуш жана реабилитациялоо иштеринин уландысы жүрүүдө. Каракол шаарындагы канализациялык-тазалоо курулмаларынын курулушу соңку этабына чыкты.

Саламаттык сактоо тармагы 5 жылда — 6 597,1 млн сом жумшап, Улуттук перинаталдык борбор пайдаланууга берилди. 10 ПЦР-лаборатория заманбап жабдуу менен камсыздалды. Аймактык оорукана жана тез жардам кызматтары үчүн жаңы медициналык жабдуулар жана унаалар сатып алынды.

Айыл чарба жана ирригация тармагы 5 жылда — 16 878,3 млн сомго 17,7 миң уй жасалма уруктандырылып, 10 миңге жакын торпок алынды. 11 000 баш мал сатып алынып, 7378 фермер колдоого алынды. 12 162 га сугат жерлер модернизацияланды. 17,981 чакырым магистралдык жана 29,717 чакырым ички чарбалык каналдар курулду.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media