Улуттук банк «Мээр жазы» бейөкмөт уюмунан насыя алгандардын акциясы боюнча жооп берди
Улуттук банк кечээ УБ холлунда өткөн “Мээр жазы” бейөкмөт уюмунан насыя алгандардын акциясына комментарий берди. Аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү Улуттук банктын жетекчисинин орун басары менен жолугушуунун ордуна финансылык уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы плакаттарды көтөрүп киришкен.
Улуттук банк бир күн мурун, 21-июлда, саат 16:00дө КР УБ төрагасынын орун басарынын «Мээр жазы» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусу болорун билдирген. Ага карыз алуучулар доомат койгон коммерциялык банктын өкүлдөрү да чакырылган.
«Бирок бул жолугушуу «Мээр жазы» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү Улуттук банктын маалыматтык коопсуздук талаптарын аткаруудан баш тарткандыктан ишке ашпай калды. Башкача айтканда, Улуттук банктын төрагасынын орун басары менен жолугушууну видео жана аудио жаздыруусуз өткөрүүгө көнбөй коюшту», – деп билдирди Улуттук банк.
Билдирүүгө ылайык, Улуттук банк режимдик объект болуп саналат, андыктан УБ кызматкерлери жана бардык коноктору коопсуздук эрежелерин катуу сакташы керек.
КР Улуттук банкы кошумчалагандай, быйылкы жылдын июль айынын башынан бери төрага жана төраганын орун басары «Мээр жазы» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушуп, алардын кайрылууларын карашкан.
Улуттук банк ошондой эле банк кызматтарын колдонуучулардын укуктарын коргоо боюнча, анын ичинде жарандардын кайрылууларын изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиясы тынымсыз иш жүргүзөрүн белгиледи.
«Улуттук банктын эшиги жарандарды кабыл алуу үчүн ар дайым ачык, УБ жетекчилиги расмий сайтта жарыяланган графикке ылайык жарандарды үзгүлтүксүз кабыл алып турат.
Ошол эле учурда банк-кардар мамилелерине байланыштуу айрым маселелер сот аркылуу гана чечиле тургандыгын белгилей кетүү керек”, – деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
Улуттук банктын басма сөз кызматы белгилегендей, УБ тарабынан Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү түзүлгөн, анын кызматкерлери менен төмөнкү телефондор: (0555) 85 57 48, (0770) 73 73 49, (0312) 61 04 86, (0312) 61 52 78, ошондой эле mail@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу байланышса болот.