Өзбекстан Сокулукта автозавод ачат

Өзбекстан Сокулукта автозавод ачат

Кыргызстан менен Өзбекстан өзбек автоунааларын чогултуу үчүн жаңы автозаводду Чүй облусунун Сокулук районунда курууну чечишти. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.

Маалым болгондой, учурда Кыргызстанда ишканага салык салуу жана ага жеңилдиктерди берүү маселеси каралууда.

«Биз ЕАЭБге мүчө болгонубузга байланыштуу бул процесс бир аз татаалдашып жатат, анткени бул маселе боюнча уюмдун башка өлкөлөрү менен макулдашып алышыбыз керек. Ишкананын жайгашчу жери аныкталды. Бул Чүй облусунун Сокулук району болот. Азырынча ишке киргизүүнүн так датасы белгилене элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деди экономика министри Данияр Амангелдиев жакында Ташкентке барган иш сапарында.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин «Узавтосаноаттын» өкүлдөрү Кыргызстан өндүрүштү кеңейтүү үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири экенин билдиришкен, анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автотранспорттук коридору тетиктерди ташуу убактысын кыскартып, Кыргызстанда автоунааларды чогултуу арзаныраак болот.

Кошумчалай кетсек, өзбек тарап Кыргызстанда биринчи болуп Nexia R3 үлгүдөгү унаа чогултуларын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы жалпы суммасы 39 млн сомду түзгөн тамчылатып сугаруу системаларын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Мекеме Ысык-Көл облусунда материалдарды жеткирүү жана курулуш иштерин аткара турган жеткирүүчүнү издеп жатат. Улуттук валютадагы арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 24-февралында аяктайт. Компаниялардын сунуштары тапшырылган күндөн тартып 30 күн бою жарактуу болушу

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөрүн Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар. Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми дагы башка облустарда үч

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Энергетика министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, керектөөчүлөрдүн 9,9%ы электр энергиясы үчүн төлөмдү мурдагыдай эле почта жана касса аркылуу жүргүзүшөт. Кыргызстана Улуттук электр тармактары маалымдагандай, абоненттердин көпчүлүгү мобилдик тиркемелерге жана онлайн-сервистерге өткөн. Бир нече жыл мурда абал башкача болчу: накталай жана кассалык төлөмдөр 60–70%ды түзсө,

Асыл тукум малды көбөйтүү жайыт деградациясын 5%га азайтат

Асыл тукум малды көбөйтүү жайыт деградациясын 5%га азайтат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Ала-Тоо Live түз эфиринде “Агродиалог-2026” агроөнөр жай форуму тууралуу маалымат берип жатып, жайыт деградациясын азайтуунун негизги жолу катары малдын санын эмес, сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө жайыттардын тозушу актуалдуу көйгөй бойдон калууда. Адистердин