Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Энергетика министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, керектөөчүлөрдүн 9,9%ы электр энергиясы үчүн төлөмдү мурдагыдай эле почта жана касса аркылуу жүргүзүшөт.

Кыргызстана Улуттук электр тармактары маалымдагандай, абоненттердин көпчүлүгү мобилдик тиркемелерге жана онлайн-сервистерге өткөн.

Бир нече жыл мурда абал башкача болчу: накталай жана кассалык төлөмдөр 60–70%ды түзсө, онлайн-төлөмдөрдүн үлүшү 20–30% гана болгон. Азыр көрсөткүчтөр дээрлик тескерисинче өзгөрдү — санариптик каналдар электр энергиясы үчүн эсептешүүнүн негизги ыкмасына айланды.

Бул өзгөрүү энергетика тармагындагы санариптештирүү процесси менен байланыштуу. Жаңылануулар ГЭСтерди куруу жана түйүндөрдү модернизациялоо менен гана чектелбестен, керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн форматын да камтыйт. Компаниялар кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырып, төлөм инструменттерин электрондук форматка өткөрүп, операциялык чыгымдарды кыскартууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 11 турак үйдүн короосун суу каптады

Чүйдүн суу объектилеринен 1000 метр синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды

Чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандарга экинчи турак жайлар берилүүдө

Адылбек Касымалиев COP31 Лидерлер саммитинде улуттук билдирүү жасады

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады