Бишкек мэри «Тазалыктын» директорун иштен айдады - эми шаар таза болот деп убада берди

Бишкек мэри «Тазалыктын» директорун иштен айдады - эми шаар таза болот деп убада берди

Шаардыктардан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишине байланыштуу көптөгөн арыз жана даттануулардан улам борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди кызматтан кетирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле катуу таштандыларды өз убагында чыгаруу маселеси боюнча шаардыктар тарабынан канааттандырарлык эмес иш жүргүзгөндүгү үчүн «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары да кызматынан бошотулган.

Ишкананын жаңы директору болуп Нурлан Касымов, орун басары болуп Марат Алдашкуров дайындалды.

Шаардагы таштандылардан тез-тез арылуу үчүн муниципалитет тарабынан жеке компанияга тиешелүү 16 атайын унаа тартылган.

Ошондой эле мэрия катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн Биринчи Май жана Свердлов райондорун аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.

“Урматтуу жарандар! Кечке чейин бардык таштандылар чыгарылып, санитардык полигонго ташылат. Ошондой эле жашоочуларга катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны убагында төлөө зарылдыгын эскертебиз”, – дейт Бишкек мэриясы.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга жалпы 156 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюму маалымдады. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар 18-22-декабрь күндөрү өткөрүлгөн пландан тышкаркы рейддин жүрүшүндө аныкталган. Рейд NABU Кыргызстан уюмунун "Барс-2" ыкчам тобу жана Жаратылыш министрлигине караштуу Ош

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды. Салык кызматынын маалыматына ылайык, акциз салыгын чогултуу көрсөткүчтөрү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалганын жана алардын бири ИИМ кызматкери экенин УКМК "Кабар" агенттигине билдирген. 14-декабрда Кыргызстандын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында атайын кызмат тарабынан 90 миң доллар накталай акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын жараны Ж.К.Т. кармалган.

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинде кимдер бар?

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинде кимдер бар?

2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы шайланган. Бул кызматка "Элдик" депутаттык тобу тарабынан сунушталган депутат Алтынбек Кудайбердиев бекитилгени маалым болду. Кийин парламент комитет төрагасынын орун басарларын да бекитти. Алар: * Жумабек Салымбеков, * Камила Талиева, * Жаныбек Абиров. Комитеттин курамына төмөнкү депутаттар кирди: