Мамлекеттик мүлк фонду «Кыргызалтындын» 1% акциясын Финансы министрлигине берди

Мамлекеттик мүлк фонду «Кыргызалтындын» 1% акциясын Финансы министрлигине берди

«Кыргызалтын» ААКтын жалгыз акционери болуп келген Мамлекеттик мүлк фонду компаниянын 1% акциясын Финансы министрлигине өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.

КФБнын маалыматына таянсак, Финансы министрлигине жалпы номиналдык баасы 9 млн 641.2 миң сомдук (бир акциянын номиналдык баасы 100 сом) 96 412 даана жөнөкөй акция берилген.

Мындай “берүү” министрлер кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы буйругунун негизинде ишке ашкан.

Мамлекеттик мүлк фондунун “Кыргызалтындагы” үлүшү учурда 99%ды (жалпы номиналдык баасы 954 млн 482.7 миң сомду түзгөн 9 544 827 жөнөкөй акциядан турат) түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга жалпы 156 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюму маалымдады. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар 18-22-декабрь күндөрү өткөрүлгөн пландан тышкаркы рейддин жүрүшүндө аныкталган. Рейд NABU Кыргызстан уюмунун "Барс-2" ыкчам тобу жана Жаратылыш министрлигине караштуу Ош

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды. Салык кызматынын маалыматына ылайык, акциз салыгын чогултуу көрсөткүчтөрү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалганын жана алардын бири ИИМ кызматкери экенин УКМК "Кабар" агенттигине билдирген. 14-декабрда Кыргызстандын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында атайын кызмат тарабынан 90 миң доллар накталай акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын жараны Ж.К.Т. кармалган.

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинде кимдер бар?

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинде кимдер бар?

2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы шайланган. Бул кызматка "Элдик" депутаттык тобу тарабынан сунушталган депутат Алтынбек Кудайбердиев бекитилгени маалым болду. Кийин парламент комитет төрагасынын орун басарларын да бекитти. Алар: * Жумабек Салымбеков, * Камила Талиева, * Жаныбек Абиров. Комитеттин курамына төмөнкү депутаттар кирди: