«Альянс Алтын» Кыргызстандагы эң мыкты салык төлөөчү 10 компаниянын катарына кирди

«Альянс Алтын» Кыргызстандагы эң мыкты салык төлөөчү 10 компаниянын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы 500 компаниянын ичинен Кыргызстандагы алдыңкы он салык төлөөчү компаниялардын катарына кирип, Салык кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти

«Альянс Алтын» ишканасы ишмердүүлүгүн баштагандан бери ушул жылдын 30-июнуна чейин мамлекеттик бюджетке 13 млрд 200 млн сом төлөп, анын ичинен 5 млрд 964 млн сому конкурстук төлөмдү түздү.

Республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык жана социалдык төлөмдөр боюнча 7 млрд 236 млн сом которгон, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн каражаттан 4 млрд 671 млн сом төлөнгөн.

“Альянс Алтын” жергиликтүү бюджетке инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн 448 млн сом төлөгөн, анын ичинде:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 224 млн сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 135 млн сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 89 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7