Кара-Кечеден көмүр ташуу башталды - тоннасы - 1450 сом

Кара-Кечеден көмүр ташуу башталды - тоннасы - 1450 сом

Кара-Кечеде бүгүнтөн баштап көмүр жүктөө башталды. Ал калкка жана ЖЭБге ташылып баштады. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынан билдиришти.

Мамлекеттик ишкананын берген маалыматына таянсак, кендин өзүндө көмүрдүн баасы – тоннасына 1450 сомду түзөт.

“Чүй облусунда көмүр сатуучу он базаны ачуу пландалууда, анын ичинде Токмок, Сокулук жана Бишкек шаарларында эки база, Кара-Балта шаарында бирден, Аламүдүн базарында үч база бар. Ишкана буга чейин калкты эртелеп көмүр сатып алууга чакырат”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул жылы 1.5 млн тонна көмүр казып алуу пландалып жатат жана Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоодон баш тартып, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет.

2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна, ал эми 2021-жылы 1 млн 225 миң тонна көмүр казылып алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7