Кыргызстан мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтардын жеткиликтүүлүгү индексинде 18-орунду ээледи

Кыргызстан мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтардын жеткиликтүүлүгү индексинде 18-орунду ээледи

Open Contracting Partnership менен биргеликте The Global Data Barometer уюмунун талдоочулары түзгөн Мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтардын жеткиликтүүлүгү индексинде Кыргызстан 18-орунду ээледи.

Аталган уюм 109 өлкөдө сатып алуулар боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгүнүн глобалдык индексин баалайт. Эксперттер 2019-жылдын май айынан 2021-жылдын май айына чейинки абалды талдап чыгышкан.

Орточо глобалдык индекс 47 балл болсо, Кыргызстан 73 баллга ээ болуп, АКШ менен Литванын ортосунда орун алган.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтардын жеткиликтүүлүгү КРда жакшы – бул параметр боюнча өлкө 83 упайга ээ болгон. Ал эми “Сатып алуулар боюнча талдоо” параметринде болсо Кыргызстандын упайы бир топ төмөн болуп, ал 28 гана баллды түзгөн.

Мамлекеттик сатып алуулар маселесинде маалыматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча алдыңкы 5 өлкөгө – Украина, Парагвай, Казакстан, Косово жана Колумбия кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7