Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна сентябрда Самаркандда кол коюлат

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна сентябрда Самаркандда кол коюлат

Президент Садыр Жапаров 30-июлда, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугуу учурунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун талкуулады.

Президент өлкө үчүн маанилүү улуттук долбоор болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселесине көңүл бурду.

Жапаров тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады.

Мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак, бир жол» демилгесине маанилүү кошумча болот деген оюн билдирди. Ал буга чейин кытайлык адистер Кыргызстанга келип, жер-жерлерде изилдөө иштерин баштаганына ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Ван И Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча Кытай тарап үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгондугун белгиледи.

«Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат. Кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен биз сентябрда Самаркандда өтө турган саммитте бул долбоор боюнча үч тараптуу документти түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даярбыз», — деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга жалпы 156 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюму маалымдады. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар 18-22-декабрь күндөрү өткөрүлгөн пландан тышкаркы рейддин жүрүшүндө аныкталган. Рейд NABU Кыргызстан уюмунун "Барс-2" ыкчам тобу жана Жаратылыш министрлигине караштуу Ош

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды. Салык кызматынын маалыматына ылайык, акциз салыгын чогултуу көрсөткүчтөрү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалганын жана алардын бири ИИМ кызматкери экенин УКМК "Кабар" агенттигине билдирген. 14-декабрда Кыргызстандын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында атайын кызмат тарабынан 90 миң доллар накталай акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын жараны Ж.К.Т. кармалган.

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинде кимдер бар?

Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинде кимдер бар?

2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы шайланган. Бул кызматка "Элдик" депутаттык тобу тарабынан сунушталган депутат Алтынбек Кудайбердиев бекитилгени маалым болду. Кийин парламент комитет төрагасынын орун басарларын да бекитти. Алар: * Жумабек Салымбеков, * Камила Талиева, * Жаныбек Абиров. Комитеттин курамына төмөнкү депутаттар кирди: