Монополияга каршы кызмат накталай эмес төлөм жүргүзүүдө эмнеге көңүл буруу керектигин эскертти
Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу кызматы кыргызстандыктарга накталай эмес формада төлөм жүргүзүүдө эмнеге көңүл буруу керектигин эскертти.
Сатуучу керектөөчүгө товар жөнүндө керектүү жана ишенимдүү маалыматты өз убагында берүүгө, аларды туура тандоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле товарды сатып алуу шарттарын камсыз кылууга милдеттүү экени белгиленген. Мында баа, комиссия жана тарифтер улуттук валютада көрсөтүлүүгө тийиш.
Ошондой эле 2023-жылдын 1-январына чейин накталай эмес формада төлөнгөн товарларды сатуудан салыктын ставкасы 0% өлчөмүндө белгиленген.
Ошентип, накталай эмес формада төлөм жүргүзүүдө товардын баасы көрсөтүлгөн баага салыштырмалуу 1%га төмөндөйт. Бул маалымат керектөөчүгө өз убагында жеткирилиши керек.