Пайдалуу кендерди казууга салынган инвестициянын көлөмү азайып барат - ЕРӨБ
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында КРгы инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү пайдалуу кендерди казуу боюнча инвестициялардын үлүшү 24.7%дан 20.6%га чейин кыскарган. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) экономисттери даярдаган макроэкономикалык баяндамада айтылат.
Серепчилердин айтымында, инвестициянын көлөмү өткөн жылдын деңгээлинде калууда. Капиталдык салымдардын көлөмү 2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн эмес жана анын өсүшү 0.7%ды түзгөн.
Ошол эле учурда тоо-кен тармагына болгон инвестициялар азайып, натыйжада, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында пайдалуу кендерди казып алууга капиталдык салымдардын үлүшү 20.6%га чейин төмөндөдү – бир жыл мурда бул көрсөткүч 24.7%ды түзгөн.
Ошондой эле, дүң жана чекене соода объектилерине инвестициялардын кыскарышы катталган. Ал эми, тескерисинче, кайра иштетүү өнөр жайына, энергетика тармагына жана транспорт тармагына инвестициялардын өсүшү байкалган.