Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайынын лицензиясынын аракетин токтотту
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн регулятор эки алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттерин токтотконун улантканын кабарлады.
Алар:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 119-үй, 11-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Брент моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 29-июлундагы № 5999 лицензиясы
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144-үй дареги боюнча жайгашкан «Усман Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 6194 лицензиясы.