Бизнес-трекер деген ким, ал компанияга эмне үчүн керек?

Бизнес-трекер деген ким, ал компанияга эмне үчүн керек?

Акыркы жылдары Кыргызстанда бизнес-трекинг активдүү өнүгүүдө. Акселерейт Просперитинин трекери Таалай Абдраимов трекер ким экендигин, бизнесте кандай функцияларды аткарары жана анын милдеттерине эмнелер кирери жөнүндө айтып берди.

  • Таалай Абдраимов Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду биргелешип каржылаган AP Asia долбоорунун алкагындагы Accelerate Prosperity Trackers мектебинин бүтүрүүчүсү.
  • Ал кыргыз тилинде трекинг (бизнес-долбоордун ийгилигине баа берүү) өткөргөн саналуу адистердин бири.
Бизге трекер тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз. Трекингге кантип келдиңиз? Кайдан окудуңуз?

Трекингге мен 2020-жылы Акселерейт Просперити тарабынан трекерлерди даярдоо боюнча тренингдер өтөт деген жарнамасын көрүп, катышып калгам. Тренингдерден кийин Акселерейт Просперити трекерлерди тандап алган, ошол сынакта менин кандидатурам жактырылып, 2021-жылдын башынан тартып трекер болуп иштей баштадым.

Сиздин жетекчилигиңизден буга чейин канча компания өткөн?

2021-жылдын башынан тарта мен 38 компанияга тректерлик кызмат көрсөттүм, алар ар кайсы тармакта иштеген компаниялар болду: өндүрүш, туризм, билим берүү, балык чарбалар, кийим тигүү, кайра иштетүү, табигый энергияны колдонуу, тамак-аш чыгаруу, фермерлер жана ушул сыяктуу тармактагы компаниялар мен менен трекшнден өтүштү.

Трекер эмнени көрсөтөт? Компанияга эмне үчүн керек?

Трекер компаниянын жетекчилигине, командага андан ары өнүгүшүнө багыт алганга көмөк көрсөтөт. Компаниялар иш баштаганда же иштери жүрүп жатканда бир нукка түшүп, иштерин жүргүзүп келишет.

Ошол эле учурда команда көнүп калган режимде иштей берип көп нерселерди байкабай калышы ыктымал, кандай багытта иш алып бараарын жакшы биле албай бир калыпта иштей бериши мүмкүн, же өзгөртүү киргизүүдөн коркушат же кандай иштер туура өзгөрүү алып келээрине көзү жетпей турушу мүмкүн, туура эмес кылып аламбы деп кооптонушу мүмкүн. Ошондой учурда трекер өз жардамын бере алат, кеп кеңеш берип, ойлогон идеялары ишке ашабы ошолорду изилдеп, иш жүзүндө текшерип, ал идея кандай иштеп кетерин айтып, текшергенге багыт көрсөтөт.

Трекер ишкана үчүн идеяларды же иштерди ойлоп таап бербейт, аларды текшербейт. Трекер компаниянын ишмердүүлүгүнө багыт берип турат. Трекер компаниянын кыйынчылыктарын, көйгөй туудурган жагдайларды команда тарабынан изилдеп, аны аныктап жана команда тарабынан чечүүгө алып келе турган жолдорду табууга көмөк көрсөтөт. Бирок ал көйгөйлөрдү трекер чечпейт, команда чечет. Трекер компаниянын жетекчилигине бизнести кантип кыйла өнүктүрүүнүн жолдорун табууну үйрөтөт, көрсөтүп берет.

Бул өз алдынча иштөөнү билдиреби же трекер кеңеш береби?

Трекер компанияга сырттан көз жүгүртүп, команда байкабай жаткан, же биле албай жаткан көйгөйлөрдү команда тарабынан изилдеп таап жана ошону кандай жолдор менен чечсе болот деген суроого жооп издөөгө жардам көрсөтөт.

Трекер менен кантип иштөө керек?

Трекер менен иш жүргүзгөндө компаниялар трекердин тажрыйбасын, билимин өздөрүнүн компаниясына жардамы тийгендей кеңеш сурап, аларды иш жүзүндө аткарып, бизнесте текшерип, иш аракеттерди өткөрүп, кайрадан жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн кеңеш сурап, аларды ишке киргизүү аракетин көрүш керек.

Трекшн азыркы учурда кыска эле убакыт болот 6-7 жума, ошол убакта тажрыйбасы бар адистен – трекердин кеңешин колдонуп калуу керек. Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт, же тажырыйбалуу адистердин кеп-кеңеш берүү кызматы кымбат турат. Ошол себептен трекер менен иш алып барганда алдыга коюлган маселелерди, иштерди аткаруу менен компаниянын ишмердүүлүгүн кыйла жакшыртып алганга аракет кылуу керек.

Иштин ар кандай чөйрөлөрүндөгү компанияларга жараша трекерлердин мамилеси айырмаланабы?

Трекер үчүн компаниялардын ар кандай чөйрөлөрдө иш алып баруусу эч кандай айырмасы жок. Ошол эле учурда трекер компаниянын тармагындагы өзгөчөлүктөрдү эске алат, ошого жараша кеңешин берет.

Компаниянын гүлдөп-өсүшүнүн ийгилиги эмнеде деп ойлойсуз?

Компания гүлдөп-өсүшү үчүн команда жакшы иштеши керек, алардын мотивациясы жогору болуусу абзел. Компанияда бардык керектүү адистер болуусу шарт.  Ушундай шарт түзүлүшү компаниянын жетекчилигинин чечимдерине жараша болот. Андан тышкары жетекчилик команда менен чогуу кандай көйгөйлөр бар, компаниянын өнүгүүсүнө эмне тоскоол болуп жатат, анын себептерин изилдеп, ошону чечүүнүн туура жолдорун таап, ошону иш жүзүндө компаниянын ишинде колдонуу эң маанилүү.

Компаниянын өсүү этабында таза кирешенин көлөмүн сактап калуу чоң жаңылыштык болушу ыктымал. Компаниянын өсүү учурунда таза кирешенин кандайдыр бир бөлүгү ошол компанияны өстүрүүгө жумшалат. Компания башка этапка чыккандан кийин таза кирешени көбөйтүү маселелерин чечүү жакшы натыйжа бериши керек.

Ушундай жол менен иш алып барганда компаниянын өсүп- өнүгүүсүнө шарт түзүлөт. Булардын баары компаниянын командасы жана жетекчиликтин иш аракеттерине жараша болот. Ушундай учурда трекерлердин сырттан көз карашы компания үчүн жакшы жардам болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

18-20-декабрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" диалогунун биринчи саммитине жана бизнес-форумуна катышты. Сапардын негизги максаты — кыргыз-япон салыктык кызматташтыкты бекемдөө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болду. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр Бакыт Сыдыков жана Япониянын тышкы

Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

2025-жылы кыргызстандык фильмдер "Синематика" кинотеатрлар тармагынын дүң кирешесинин 46%ын камсыздаганын Kaktus.mediaга тармактын коммерциялык директору жана КРнын кинотетр кожоюндары ассоциациясынын төрагасы Гулькаир Тиленбаева билдирип, кыргыз киносуна болгон позициялардын чыңдалып жатканын белгиледи. Жаңылыктарга ылайык, январдан декабрга чейин төрт кинотеатрда эң көп киреше тапкан фильмдер: * "Зверополис-2" * "

Ысык-Көлдө 350 миң долларга фитосанитардык лаборатория курулууда

Ысык-Көлдө 350 миң долларга фитосанитардык лаборатория курулууда

Ысык-Көл облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча заманбап лаборатория курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан, Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен ишке ашырылат. Лаборатория Балыкчы шаарында

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү тууралуу жаңы жобону бекитти. Документ 2025-жылдын 8-декабрындагы №787 токтом менен кабыл алынган жана рынок катышуучуларынын финансылык туруктуулугун жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле профессионал катышуучулардын уставдык капиталына этап-этабы менен минималдык талаптар белгиленди: Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу: *