Быйыл айыл-чарба продукциясынын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү - эң көп сабиз кетти

Быйыл айыл-чарба продукциясынын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү - эң көп сабиз кетти

2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча КРнын карантинге алынган продукциянын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жашылчалар Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Талас, областарынан ЕАЭБ жана 3-чү өлкөлөргө экспорттолгон.

Жашылчалардын экспорту – 79 миң 370 тоннаны (2021-жылы ушул мезгилде – 139 миң 999 тонна) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 миң тоннага аз экспорттолгон. Жашылчалардын ичинен эң көп экспорттолгону сабиз болду.

Ал Чүй облусунан Россия, Казакстан, Белоруссия өлкөлөрүнө экспорттолду. Ошондой эле капуста, пияз, болгар калемпири, томат Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө көбүрөөк экспорттолгон.

Үстүбүздөгү жылдын алты айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту – 279 миң 323 тоннаны (2021-жылы ушул мезгилде 276 миң 225 тонна болгон) түзгөн. 2022-жылы, 2021-жылга 6 айга карата салыштырмалуу 3 миң тоннага көп экспорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

18-20-декабрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" диалогунун биринчи саммитине жана бизнес-форумуна катышты. Сапардын негизги максаты — кыргыз-япон салыктык кызматташтыкты бекемдөө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болду. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр Бакыт Сыдыков жана Япониянын тышкы

Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

2025-жылы кыргызстандык фильмдер "Синематика" кинотеатрлар тармагынын дүң кирешесинин 46%ын камсыздаганын Kaktus.mediaга тармактын коммерциялык директору жана КРнын кинотетр кожоюндары ассоциациясынын төрагасы Гулькаир Тиленбаева билдирип, кыргыз киносуна болгон позициялардын чыңдалып жатканын белгиледи. Жаңылыктарга ылайык, январдан декабрга чейин төрт кинотеатрда эң көп киреше тапкан фильмдер: * "Зверополис-2" * "

Ысык-Көлдө 350 миң долларга фитосанитардык лаборатория курулууда

Ысык-Көлдө 350 миң долларга фитосанитардык лаборатория курулууда

Ысык-Көл облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча заманбап лаборатория курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан, Ислам Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен ишке ашырылат. Лаборатория Балыкчы шаарында

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү тууралуу жаңы жобону бекитти. Документ 2025-жылдын 8-декабрындагы №787 токтом менен кабыл алынган жана рынок катышуучуларынын финансылык туруктуулугун жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле профессионал катышуучулардын уставдык капиталына этап-этабы менен минималдык талаптар белгиленди: Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу: *