КРнын күйүүчү майга болгон керектөөсүнүн 5%ын гана жаба алган «Кыргызнефтегаз» жарым жылда 1.8 млрд сом киреше алды

КРнын күйүүчү майга болгон керектөөсүнүн 5%ын гана жаба алган «Кыргызнефтегаз» жарым жылда 1.8 млрд сом киреше алды

Быйыл 6 айда “Кыргызнефтегаз” ААКтын таза кирешеси 1 млрд 891 млн сомду түздү, бул былтыркы ушул айларга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Нургазы Нишанов профсоюз менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкананын өндүрүштүк-финансылык көрсөткүчтөрү бир кыйла өскөн. Ал билдиргендей, 6 айдын ичинде чийки нефтини казып алуу планы 74 миң 826 тонна болсо, иш жүзүндө 84 миң 948 тонна алынып, жарым жылдык план 113%га аткарылган.


Эскерте кетсек, «Кыргызнефтегаз» МИ өткөн жылы алган 2 млрд сом таза кирешесинин 10%ын гана мамлекетке төлөгөн. Бул тууралуу Нишанов ушул жылдын март айындагы Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирген болчу.

Жыйында депутат Исхак Масалиев «Кыргызнефтегаз» МИнин алган таза кирешеси 2 млрд сом болсо, анын канчасы мамлекетке төлөнөөрү тууралуу сураган.

«Былтыркы жылдын эсебинен мамлекетке 213 млн сом дивиденд катары бергенбиз. Быйыл 2021-жылдын эсебинен 30% бересиңер деп жатышат, бул жылы 600 млн сомдон ашыгыраак беребиз», – деген Нишанов.

Эл өкүлү бул жөн гана мамлекетке пайдасы тийбеген, жумушчуларын гана баккан ишкана экендигин белгилеп, «Кыргызнефтегаз» жылына өндүргөн 173 миң тонна мунайдан канча бензин алынаары жана ал өлкөдөгү күйүүчү май рыногуна канчалык таасир эте алаары тууралуу сураган.

«Андан 15 миң 821 тонна бензин алынат. Бул болгону Кыргызстандын керектөөсүнүн 5-6%ын гана (дизель майы менен кошулуп) камсыздайт. Күйүүчү май рыногуна таасир эте албайбыз», – деген Нишанов ишканада 2 миңден ашык жумушчу бар экенин айткан.

Белгилей кетсек, Нефтетрейдерлер ассоциациясы берген маалыматка ылайык, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү 1.4 млн тоннаны түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7