МСК дээрлик 86 млрд сом салык чогултту - жылдык планды бекитүүгө дагы 70 млрд калды
2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) мамлекеттик бюджетке 85.9 млрд сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгиленген план 1 млрд 349.4 млн сомго ашыгы менен чогултулган (101.6%га аткарылды). 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442.1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154.8%).
Белгилей кетсек, быйыл МСКнын алдына 155.6 млрд сом салык жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.